Бокс боюнча Кытайда өтчү эл аралык турнирге бара турган Кыргыз курама командасынын курамы

Бокс боюнча Кытай жергесинде өтчү лицензиялык турнирге бара турган кыргыз мушкерлери белгилүү болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылы өтө турган Олимпиада оюндарына тандап алуу турнири Кытайдын Ухан шаарында 3-14-февраль аралыгында өтөт. Жалпысынан эркектер жана кыз-келиндер арасында 13 салмак ченинде 63 жолдомо ойнотулат.

Кыргыз өлкөсүнүн атынан жалпы 7 спортчу барат. Алар:

52 килограммга чейинки салмак ченинде - Азат Үсеналиев

57 килограммга чейинки салмак ченинде – Акылбек Эсенбек уулу

63 килограммга чейинки салмак ченинде – Арген Кадырбек уулу

69 килограммга чейинки салмак ченинде – Нурсултан Маматалы уулу

75 килограммга чейинки салмак ченинде – Омурбек Бекжигит уулу

81 килограммга чейинки салмак ченинде – Эркин Адылбек уулу

91 килограммдан жогорку салмак ченинде - Шермахаммад Хакимов

Башкы машыктыруучу: Данияр Джусубалиев

Улуу машыктыруучу : Жылдызбек Ниязалиев

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан