Зинедин Зидандын кол алдында машыккан "Реал Мадрид" футболдук клубу Испаниянын Суперкубогун жеңип алды.
Финалдык беттеште "Реал" менен "Атлетико" кез келген. Оюндун негизги жана кошумча бөлүгү тең чыгуу менен аяктады. Оюндун 115-мүнөтүндө реалчы Федерико Вальверде оюн талаасынан чыгарылды.
Пеналтилер сериясында "падышалык клуб" "Атлетикону" 4:1 эсебинде жеңип алды. Пеналти аткарууда Сауль Ньигес менен Томас Парти таамай боло алышкан жок.
11-ирет Суперкубокко ээ болгон "Реал Мадрид" азыркы тапта кубокту 13 жолу уткан "Барселонадан" кийинки орунда турат.