Балбан Акжол Махмудов күрөш боюнча өлкө чемпиондугуна катышкан жок

Көптү үмүттөндүргөн, белгилүү балбан Акжол Махмудов Бишкек шаарында өткөн күрөш боюнча өлкө чемпиондугуна катышкан жок. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин Махмудов алган жарааты айыгып, ал калыбына келгени жана турнирге катышары маалым болгон. Бирок 77 килограммга чейинки салмак ченинде турнирге катыша турчу 19 спортчунун ичинен анын аты аталган эмес.

Көп өтпөй Махмудовдун машыктыруучулары расмий маалымат таратып, ал алган жарааты толугу менен айыга электигин жана алар тобокелчиликке барбай эле коюуну чечкендигин билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rakyl12
2020-01-13 11:55:56
өлкө чемпионду тууралуу маалымат бергилечи кайсы салмактан кимдер алды дегендей?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан