Бишкекте көп кабаттуу үйдүн подъездинен өрт чыгып, 79 жаштагы киши жабыркады

Бишкектеги 5-кичи районунда көп кабаттуу үйдүн подъездинен өрт чыгып, бир адам жабыркады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, кырсык 15-январда болду.

"5-кичи райондогу №7 үйдүн подъездинин эшиги күйгөн. Өрт катталган жерден 10 адам коопсуз жайга эвакуацияланды. Алардын арасында 1940-жылы туулган М.А. аттуу эркек киши жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Абалы туруктуу. Учурда өрттүн себеби такталууда", - деди басма сөз кызматынын өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан