Японияда биринчи жолу Кытайдын Ухан шаарында күч алган коронавирус чакырган пневмония оорусу катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, 30 жаштагы Кытай жараны Ухан шаарында жүргөндө өзүн жаман сезип баштаган. 6-январда Японияга келип, 10-январда ооруканага дене табы көтөрүлүп, жөтөлгөн абалда түшкөн. 5 күндөн кийин аны ооруканадан чыгарышкан. Бактыга жараша аны жакындары, туугандары вируска кабылган эмес.
Эске салсак, 2019-жылдын декабрь айында коронавирус чакырган пневмония оорусу Кытайдын Ухан шаарында катталган. Кытайда вируска кабылгандардын саны 59га жеткени, андан сырткары Ухандан Таиландга барган бир аялдын да пневмонияга кабылганы аныкталган. Вирус адамдан адамга жугары толук далилденген эмес. Болжолдуу түрдө вирус жаныбарлардан жана тирүү деңиз азыктарынан жугушу мүмкүндүгү айтылууда.
Кытайдан чыккан вирустан учурда дүйнө чочулап турган чагы. Ага байланыштуу Казакстанда Кытайдан келген жарандардын ар бирин санитардык-карантин текшерүүдөн өткөрүп жатышканы тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.