Казакстандан жардам катары 50 миң тонна ун келет

Бүгүн, 29-апрелде тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Ниязалиев чет элде калган жана мекенине кайтып келген Кыргыз жарандары тууралуу маалымат берүүдө.

Өз сөзүндө Нурлан Ниязалиев министрлик чет элдик өнөктөштөрү менен жардам көрсөтүү тууралуу ар кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын жана жардамдар келип жатканын билдирди.

"Коңшу Казакстан жардам катары 50 миң тонна ун жибере тургандыгын маалымдады. Бүгүн, эртең темир жол аркылуу биринчи вагондор Бишкек шаарына келет. Ал эми калгандары өлкөнүн түштүк жергесине жиберилет", - деди Ниязалиев.

Муну менен катар эл аралык банктардан жана бир нече мамлекеттерден жардам күтүлүп жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Safiya91
2020-04-29 13:34:27
Супер инфо жардам келип эле жатат аны Ким алып жатат ушул боюнча жазгыла. Мисалы ар бир райондун жарандары жардам алыш учун кайсыл тарапка же кайсы бир номерге кайрылыш керектигин. Менин кошунам кыйналып жашайт квартирада озу оорукчан. 1227 анкета толтурган экен жардам алуу учун апрелдин ондорунда, кечээ чалып жардамды алдынынызбы биз сизди катоого алып, айыл окмоттон алып барып бериштиби деп. Ал эже алган жокмун десе кантип эле деп койду.
+6
Bars88
2020-04-29 13:40:09
Берип атабыз эле дейт алдым деген киши жокго.Бироолор бизнес жасап атышат ойдо жактагылар
+4
chake
2020-04-29 13:51:25
Казактар баурларга рахмат кыйын күндө кол сунсаңар аллах ыраазы болсун
+2
aslan_akjol89
2020-04-29 15:31:24
1 000 000 мешок ун келе жатыптыр,а бизден кандай гум жардам барар экен,Каркыра кенейип кетпесе эле болду.
+2
ALATOOLUK.JIGIT
2020-04-29 16:55:45
aslan_akjol89,1000 кап болбойбу тууган? Бул да элге толукижетишине ишенбейм.
0
AksyKum
2020-04-29 21:28:34
ALATOOLUK.JIGIT,1000кап болсо 50мин кг болуп калат.1000000 кап 50мин тонна
0
Kuyoo_bala
2020-04-30 11:58:19
Кимдин чонтогуно тушот ал ун,ыя
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан