Министр: "Жалал-Абадда 3 жарандын дене табы жогору болууда. Алардан коронавирус аныкталган жок"

Бүгүн, 19-март күнү Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирус боюнча жыйын өткөрүүдө. Анда министр Космосбек Чолпонбаев коронавирус катталган Сузак районундагы абал тууралуу айтты.

"Сузак районундагы кырдаал өзгөчө көзөмөл алдында турат. Өзгөчө кырдаалдын алкагында дарыгерлер тарабынан 24 саат бою санитардык-эпидемиологиялык иштер, дезинфекциялык чаралар жүргүзүлүүдө. Мындан сырткары, облуста 2 мобилдик лаборатория иштеп жатат. Ал эми Жалал-Абад облустук ооруканасында 3 жаран коронавирус менен карантинде дарыланып жатса, дагы 3 жарандын дене табы жогору болгондуктан дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат. Алардын коронавируска алынган анализдери таза чыкты".

Министр: “Умрадан келгендер дароо текшерүүдөн өтпөгөнүнө күнөөлүүлөрдү издеген туура эмес“
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
AksyKum
2020-03-19 10:48:45
Эми температуранын баарын эле коронавирус дейберет
0
pero5184
2020-03-19 10:50:05
Лобараторияңар ишеничтүүбү
+2
zamir_kgz
2020-03-19 12:43:36
Жок дегенде тамак аш продукта киргизгиле, азыр досум продукта алып келди эле, продуктаны откозбой койду! Эми бала чакабыз менен ачка калабызбы?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан