Бишкектеги мектептердин бири карантинге жабылды

Бишкек шаарында жайгашкан №56 мектеп коронавируска байланыштуу карантинге жабылды. Бул тууралуу вице-мэр Виктория Мозгачева брифингде билдирди.

Анын айтымына караганда, мектептеги бир окуучудан жана мугалимден коронавирус илдети аныкталган.

"Борбор калаадагы №56 мектепте окуучу жана мугалимден коронавирус илдети аныкталганы үчүн алгортимге ылайык карантинге жабылды", - деп билдирди Мозгачева.

Ошондой эле Бишкекте эпидемиологиялык абал туруктуу экендигин айтты.

"Социалдык тармактарда тарап жаткан Жаңы жылдан кийин окуу онлайн форматта болот деген маалымат чындыкка дал келбейт. Борбор калаада эпидемиологиялык абал туруктуу", - деп кошумчалады ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан