Алтынга бир кадам. Айсулуу Тыныбекова Италиядагы турнирде финалга чыкты

Кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова учурда Италияда өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча эл аралык турнирге катышууда.

Маалыматка ылайык, Римде орун алган "Matteo Pellicone 2020" турниринде Айсулуу 62 килограмм салмакта чыгууда. 1/8 оюнда балбан кытайлык спортчу Жиа Лонгду утуп, чейрек жарым финалда АКШлык Мэйси Эллен Килти менен беттешип, жеңишке жетишкен. Жарым финалда дагы бир АКШлык Кайла Коллин Мираклга каршы туруп, финалга чыкты. Алтынга болгон күрөштө Айсулуу орусиялык Любовь Овчарова менен беттешмекчи. Беттеш Кыргыз өлкөсүндөгү убакыт боюнча түнкү саат 23:00дө болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
futboler
2020-01-16 22:29:34
Алга
+6
tolik.9017
2020-01-16 22:43:54
Кайсы каналдан туз эфир болот экен?
+2
Musafir
2020-01-16 22:45:53
Булардын мамактары булчуңдарына теңелип билинбей калыптырго)).
-12
Paol
2020-01-17 23:36:54
Musafir,ушу эээч бир жерден жакшы коммент жазганынызды көрбөйм да кааачан болсо кемчилик издеп турасыз
0
arstanbap02
2020-01-16 22:46:26
Чынында эмгекчил кыз кече эле туркиядан келдиле мына эми кайрадан финалда алга Айсулуу
+9
Ali-han
2020-01-16 22:48:51
Кичине эс алдыргылачы алтын кызды! Олимпиадага даярдынсынчы!!!
+9
aerforce
2020-01-16 22:57:08
Алгач Алла буйруса жеңиш биздики Супер инфо кайсыл жактан көрсөк болот срочно айтып койунуздарчы
+4
aerforce
2020-01-16 23:00:03
КТРК спорт кыйраткансып лыжа тепкендерди берип жатат Казахстан же Узбекстан болгондо ар бир каналынан тынбай коймок сөз жокта
+8
Adil18
2020-01-17 00:32:12
aerforce,
Ал мамлекеттерде президент бар.
Маданият,тарых,спорт,туризм,билим беруу,саламаттыкты сактоо тармагына конул бурушат.
+2
rysik79
2020-01-16 23:02:40
Кумтордон кеткен алтындарды Айсулуу кайра кайтара берсин! Аллам колдоп ийгилик бизде болсун!!!
+9
aerforce
2020-01-16 23:16:05
Айтып койгулачыыы
+3
ilgiz-kg01
2020-01-16 23:57:35
Уттуу ураа дагы бир алтын
+6
TalaCSKA
2020-01-17 00:05:16
Айсулуу утту 7-2 менен Овчарова 2чи болукто трамва алып уланта алган жок.куттуктайбыз Айсулуу алтын кыз!!! олимпиадада алтын медаль алсан экен буюуруп !
+7
bond02
2020-01-17 00:37:11
Видеосу интернетке чыктыбы, айтып койгула?
0
Adil18
2020-01-17 00:39:08
Айсулуу женишин кут болсун!
Быйыл кудай буюрса турмушка чык.Мындан ары озунду дагы ойлогун.
Кооп бала чакалуу болуп,бул омурдо кубанычтуу коз ирмемдердин коштоосунда откоруп журо бергин.
+7
aerforce
2020-01-17 00:53:03
Буйруса Токио шаарында өтчү олимпиадада алтын медаль алат мен 100 пайыз ишенем алга Айсулуу сен биздин сыймыгыбызсың
+6
Samatalibei
2020-01-17 03:58:05
Айсулу азаматсын! Келгиле баарыбыз уй булоолук бакыт каалайлы...
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан