Орусиянын премьер-министри болуп Михаил Мишустин дайындалды

Орусиянын премьер-министри болуп Михаил Мишустин дайындалды. Бул тууралуу буйрукка Владимир Путин кол койду. Мындай маалыматты орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Анда жазылгандай, Орусиянын президенти мурунку премьер-министр Дмитрий Медведев отставкага кеткенден кийин Михаил Мишустиндин талапкерлигин сунуштаган. Бул сунуш кечээ, 16-январда Мамлекеттик Думада каралып, ачык добуш берүү болгон жана 383 депутат анын талапкерлигин жактырган.

Мишустин колдоо жана ишеним көрсөткөндөрүнө ыраазычылыгын билдирген.

Белгилей кетсек, Мишустин 2010-жылдан тарта Федералдык салык кызматынын башчысы болуп иштеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан