Римде өткөн эл аралык турнирден алтын медалга татыган Айсулуу Тыныбекованын беттеш тууралуу берген маеги чыкты. Анда ал ден соолугуна карабай, аракет кылганын жана негизги максаты Олимпиада оюндарында алтын медаль алуу экенин айткан.
"Мен жыл башында ооруп калгам. Учурда толук калыбыма келе элекмин, ошого карабай былтыртан бери пландап, даярданып жүргөн Түркиядагы турнирге катыштык. Азыркы күндө формада болбосом да колумдан келишинче күрөштүм. Бутумда жаракат болгондуктан, машыктыруучум менен финалдык беттешке катышпай эле коёлу деп сүйлөшүп жатканбыз. Бирок 3 сааттын ичинде өзүмдү колго алып, финалга чыктым. Мен беттеш мындай бат бүтүп калат деп ойлогон эмесмин. Атаандашым да күчтүү болчу, анын да жаракаты болгондуктан биринчи беттештен чыгып кетти.
Мен үчүн Токио шаарында өтчү Олимпиада оюну өтө маанилүү. Бул Олимпиадага көптөн бери даярданып келатабыз. Мен Олимпиададан жөн гана медаль эмес, алтын медаль уткум келет. Себеби Кыргыз өлкөсүндө эгемендүү болгондон тартып Дүйнө чемпиондугунда олимпиадалык спорт түрү боюнча жана Олимпиада оюндарында алтын медаль боло элек. Ошон үчүн мен өлкөмдүн тарыхын жасагым келет".