"Хореографтын жардамы менен атайын бий үйрөндүм" дейт жеке концертин өткөргөн ырчы Кудайберди Айтбосунов

Бүгүн, 18-январда "Жылаңач баатыр: Көл жээгинде" долбоорунун финалисти, ырчы Кудайберди Айтбосунов концертин берди. Кожомкул атындагы спорт сарайы 100 пайызга эл толуп, ага ырчыны коштоп сахналаштары жана бийчилер келди.

Алгачкы жеке концертин өткөрүп жаткан Айтбосунов: “Жеке концерт берүүнү былтыркы жылдан бери эле пландап жүргөнбүз. Анан Жаңы жыл майрамынан кийин жаңы дем, жаңы күч менен берели деп бүгүнкүгө белгиледик. Анын өзгөчөлүгү – менин ар бир ырды ырдап жатып кошо бийлегенимде болууда. Буга чейин бийлеп көрбөптүрмүн, бирок бул жолу атайын хореограф Максат Токтоналиевдин жардамы менен бий үйрөндүм. Элдин колдоосунан кубат алып жатам”, - дейт.

Ырчыны куттуктап, колдоп сахналаштары Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисттери Динара Акулова, Бактияр Токторов, Мирбек Атабеков, ырчылар Нурлан Насип, Элдос Алмаз, Толгонай Арзыкеева жана башкалар келди.

Концерттен репортажды SUPER TV'дан көрө аласыз.

Зал 100 пайызга толду. Кудайберди Айтбосуновдун концертинен репортаж
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан