Биз социалдык тармакта

Жашоо шарты кымбат шаарлардын тизмеси жарыяланды. Бишкек 410-орунда турат

Бишкек жашоо шарты кымбат делинген 440 шаардын ичинен 410-орунда турат. Рейтингде көрсөтүлгөндөй Бишкектеги жашоо шарт Казакстандын Нур-Султан жана Алматы шаарларына салыштырмалуу арзаныраак, Өзбекстандын Ташкент шаарына салыштырмалуу кымбатыраак. Мындай маалыматты "Numbeo" онлайн маалыматтар базасы жарыялашты.

Аталган базанын версиясы боюнча, Швейцариянын мегаполистери алдыңкы 5 орунду ээлеген. Алар Цюрих, Базель, Лозанна, Женева жана Берн. Тизменин кийинки саптарында Норвегиянын Ставангер, Осло жана Тронхейм шаарлары жайгашкан. Исландиянын Рейкьявик жана Норвегиянын Берген шаары ТОП-10ду жыйынтыктаган.

Жашоо шарттын рейтингин аныктоодо дүкөндөрдөгү товарлардын, кафедеги тамак-аштын, кызмат көрсөтүүнүн баасы, жол кире, коммуналдык кызматтарга жумшалган акча жана жергиликтүү тургундардын сатып алуулары эсептелген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
pusur
2020-01-19 10:53:03
Бишкекте арзанчылык элде акча көп
0
zhigitaly
2020-01-19 12:04:17
Биз деген алдыракта болушубуз керек эле биз деген эшек минбей калганыбыз го
-3
Agayu
2020-01-19 13:06:22
Элдин баары рынокто , конкурент көп бири бирине .Завод фабрика аз болгондуктан , элдин баары базардан таап калышкан , бул жакшы көрүнүш эмес негизинен .
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан