Ырчы Сапар Эркебаев уулдуу болду. Ырчы мырза үй-бүлөсүндөгү толуктоо тууралуу SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.
"20-январга караган түнү саат 03:00 чамасында жубайым көз жарды. Уулубуздун салмагы 3 килограмм 400 грамм, бою 53 сантиметр. Учурда жубайымдын, уулумдун абалы жакшы. Азырынча бир ысымга токтоло элекпиз. Эне-баланы чыгарып алгандан кийин кеңешип, коёбуз", - дейт Сапар.
Эске салсак, 2000-жылдары "Атага кат" дуэти менен таанылган Сапар Эркебаев 2013-жылы Айгерим аттуу кызга баш кошуп, 1 уул, 1 кыздуу болушкан.