SUPER TV: Алтынбек Максүтов, Эгемберди Чалабаев, Кенже Дүйшеева... Президенттен сыйлык алган белгилүүлөр
Бүгүн, 20-январь күнү Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбеков ар бир тармактын мыктыларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Алардын арасында маданият өкүлдөрү да бар. Толугу менен видеодон көрүңүз.
Роза Айтматова III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды.Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти Табылды Актан III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды.Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын режиссёру Эгемберди Чалабаевге Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы ыйгарылды.Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кɵркɵм жетекчиси Алтынбек Максүтов Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамын алды.Эстрада ырчысы Кенже Дүйшеевага Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылды.
Алтынбек Максүтов, Эгемберди Чалабаев, Кенже Дүйшеева... Президенттен сыйлык алган белгилүүлөр
Шайлоодо чуркагандарбы? Болбосо Кенже Дуйшеевага билбеймда кайсыл эмгеги үчүн? Канчалаган адамдар бар чынында талыкпай эмгектенген
+4
Absamat-90
2020-01-20 19:53:44
aerforce,тескерисинче сыйлык эми оз ээлерин тапкан экен, буга чейин бешиктен бели чыга элек эки ырдын ээлери эмгек синирген алды эле.Байма Сутенова чыгаан журналист, Алтынбыек Максутов кандай гана масштабдуу эл аралык Кочмондор оюнунда режиссер болду.
+1
aerforce
2020-01-20 22:00:51
Absamat-90, ооба бирок Кенже Дуйшееванын эки эле ыры бар
+3
Alimbek1000
2020-01-20 19:55:26
Сыйлыгыңыздар кут болсун Урматтууларыбыз!
+4
chake
2020-01-20 20:20:08
Президент чыкса эле жата калып боктогон АШАнын жугундулары келгиле жазгыла Жээнбеков чыкты
-3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.