2019-жылы баалардын стабилдүүлүгү жана туруктуулугу сакталды. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов маалымат жыйында билдирди.
Жыл ичинде валюталык резервдин өскөнүн белгилеген Абдыгулов мындай көрсөткүч коомдун келечеги үчүн ишеним жаратарын айтты.
"Өткөн жылы насыя портфели 14,5 пайызга өскөн. Мындан тышкары, экономиканын долларлашуусу төмөндөгөн. Алсак, ал 2,8 пайыз пунктуна чейин төмөндөгөн. Улуттук банк аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында, региондордо банк системинин жакшыруусуна көп көңүл бурду. Мисалы, өткөн жылдарга салыштырмалуу 2019-жылы аймактарда банкоматтын санын, төлөм терминалдарын көбөйттү. Ошондой эле банк системинин нормативдик-укуктук базаны чыңдоо иштерине көңүл бурулду. Социалдык насыянын көбү аймактарга бөлүндү", - дейт Абдыгулов.