Түштүк Кореядагы кыргыз диаспорасынын активисти, Канвондо провинциясында эмгек мигранттар боюнча проекттин куратору Венера Мамбетова ага карата айтылып жаткан сын-пикирлерге жооп кайтарууда. Буга чейин Түштүк Кореяда иштеп келген жарандар ортомчуларга алданып калдык дешип, Мамбетованын атын аташкан болчу. Алар: "Кыргыз өлкөсүнө акча которуу үчүн акчабызды ага берчүбүз. Айрымдардын акчасын которгон эмес, эми кайра кайтара албай жатабыз", - дешкен. Мамбетова окуя тууралуу кенен түз эфирде айтып берет.