Ала качуу адаты уланууда. 19 жаштагы кызды ала качууга шектелип кармалгандар үй камагына чыгарылды

19 жаштагы кызды үйлөнүү максатында ала качууга шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"2020-жылдын 11-январь күнү Жети-Өгүз РИИБине Токмок шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда 11-январь күнү Токмок шаарынын көчөсүнөн үйлөнүү максатында 19 жаштагы кызын уурдап, белгисиз автоунаага салып кетишкендиги тууралуу жазылган. Арыздануучу окуяны угары менен Ысык-Көл облусуна бет алып, Жети-Өгүз районундагы айылдардын биринен кызын таап, дароо арыз менен кайрылган. Аталган факты Жети-Өгүз ОИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 175-берене (адамды никеге туруу максатында уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери Токмок ШИИБине жөнөтүлгөн.

Ал эми кызды уурдоого шектелип кармалган Ысык-Көл облусунун тургундары 27 жаштагы Т.М. жана 20 жаштагы Д.И. Токмок шаардык убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кийин соттун чечими менен үй камагына чыгарылды", - деп жазылат билдирүүдө.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан