Ата мекендик "Асман алдында" тасмасында, орусиялык "Идентификация" сериалында роль жараткан актёр, шоумен Анвар Осмоналиев сүйүктүүсүн ачыкка чыгарды. Ал жеке жашоосундагы жакшы жаңылыгы тууралуу SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү айтып берди.
"Сүйлөшкөн кызымдын аты Эл-Ай, менден 4 жаш кичүү. Экөөбүз кичинекей кезибизден таанышпыз, кошуна турчубуз. Ал да кесиби боюнча актриса. Алгач дос, кошуна катары байланышып калчубуз. Кийинчерээк мамилебиз олуттуу болуп, быйыл кыз-жигит катары сүйлөшкөнүбүзгө 4 жыл болду. Кечээ, 20-январь күнү ата-энелерибизди жакындан тааныштырып, ыраазычылыгын алдык. Азырынча тойдун так датасын чече элекпиз", - дейт Анвар.