Эстрада ырчысы Дайыр Исмадияров социалдык баракчасына Музканал акыркы чыккан эки клибин талапка туура келбейт деп албай коюшкандыгын жазып, Коомдук каналга нааразычылыгын айтып чыкты.
"Достор, негизи эле мага “эмнеге клиптериңиз Музканалдан чыкпайт?” деген суроону көп узатышат. Эми бүгүн чындыкты айтам. Эсиңиздерде болсо, өткөн жумада “Биз баскан жолдор” аттуу клибим YouTube каналына жүктөлүп, 4 күндүн ичинде 400 000ге жакын көрүлдү.
Албетте, бардык эле ырчылар сыяктуу мен дагы ырымдын Коомдук каналдын Музканалынан чыгуусун каалап жибергем. "Актёрлор жакшы ойной алган эмес, ыр начар" деген шылтоо менен кабыл албай коюшту. Клипти тарбиялык мааниси күчтүү болсун, бала жок деп эле ажыраша бербей, сабыр кылышсын деген максатта тартканбыз. Эми Музыка каналындагыларга актёрлор жагыш үчүн Голливуддан актёр чакыралыбы? Акылга сыя турган нерсени талап кылышса болбойбу? Буга чейин дагы “Алма сунсам колуңа” деген клипти "чыгымы жок тартылган" деп албай коюшкан. Эми ушул да шылтообу? Кыргыз ырчылары миллион доллар коротуп клип тарта тургандай даражада эмеспиз.
Жеке эле менин клиптеримдин жарабай калышынын чоң себеби бар. Айтпай жүрдүм эле, эми айтайын. Музканалдын продюсери экөөбүздүн пикирибиз келишпей, уруша кеткенбиз. 3 жыл мурун ал КТРКнын "Көгүлтүр отуна" акча алып, мени катыштырбай койгон. Ал аз келгенсип тыйынымды кайтарганга шашкан эмес. Ал байке экөөбүздүн жеке мамилебиз болчу. Ал киши жеке мамилени жумушка аралаштырып, өчөшкөн ырчыларынын клиптерин өткөрбөй коёбу? КТРК салык төлөп жаткан элдикиби, (ошонун ичинде мен дагы салык төлөйм) же продюсердин менчик каналына айланып кеткенби? Эмнеге бардык талаптарга жооп берген клиптерибиз каналга өтпөй калууда? Мен бул нерсеге нааразымын жана каршымын. Бир адам канча жылдан бери өз билгенин жасап, Коомдук каналына ээлик кылып, менчигине айландырбасын. Пикирибиз келишпей калса ал жеке мамиле. Менин интернет жетпеген күйөрмандарым бар, алар да көрүшүн каалайм", - деген билдирүү калтырган.
Окуя тууралуу ырчы мырзага кайрылганыбызда, ал күйөрмандары клиптери "эмнеге Коомдук каналдан көрсөтүлбөй жатат?" деп көп сурашарын жана акыркы клиби элге жагып, жакшы пикирлер жазылып жаткандыктан себебин айтууну чечкенин билдирди.
Дайырдын окуясы боюнча Коомдук каналдын көркөм кеңешинин төрагасы, "Маалымат" студиясынын продюсери Мирлан Самыйкожо төмөнкүдөй комментарий берди.
"Көркөм кеңеш жума сайын келген клиптерди карап турат. Бизге бир келгенде 30-40 чакты клип келет. Арасында кайсы өттү, кайсы өтпөгөндүгү тууралуу протокол түзүлүп, Музканалга берилет. Биз ошол тууралуу маалыматты гана айта алабыз", - деди Көркөм кеңештин төрагасы.