"Ак калпагың чечилбесин дайым болсун башта,
Ала-Тоодой бийик болгун эл-жериңди сакта.
Адилеттүү, акылдуу бол кыргызымдын жаштары,
Ар-намысың, абийириңди акча үчүн сатпа..."
Ушундай саптар камтылган "Добушуңду сатпа" аттуу ыр интернетке тез арада тарап кетти. Анын интернетке желдей тарап кетүүсүнө биринчиден ырдын тематикасы, экинчиден аны куруучу жумушчу кийими менен аткаргандыгында болду өңдөнөт. Куруучуну тегеректеп өзүнүн кесиптештери угуп турушкан. Бул учур видеого тартылып, эл оозуна алынып, депутаттар да социалдык тармактарга бөлүшкөн. SUPER.KG порталы ырды аткарган Азамат Кененбаев менен кыскача маек курду.
Көп сүйлөбөгөн, токтоо мүнөз Кененбаев үчүн бул көрүнүш күтүүсүз болгон.
- Мен Бишкектеги ири курулуш компаниялардын биринде иштейм. Компаниянын өкүлдөрүнүн бирин ошол күнү Түркияга узатып жатканбыз. Жамааттагылар мени ырдап кой деп суранышты. Мен эч нерсени капарга албай эле ырдап койгом. Атай деген чогуу иштеген жигит видеого тартып, интернетке жүктөп коюптур.
Ал видео жүктөлгөндө 902 колдонуучу бөлүшүп, Азамат Кененбаевдин ырындагы чакырыктарды туура деп баалагандар көбөйдү. Бул комментарийлер куруучу жигитке кандай таасир эткени боюнча буларга токтолду.
- Мен өзүм социалдык тармактарда активдүү эмесмин. Журналист тааныш агам бар, ошол мага "сенин ырдаганыңды депутаттар бөлүшүп жатат" деп жөнөтүп калды. Интернетке кирсем жакшы сөздөр жазылып жатыптыр, ушунчалык жагымдуу болду (ред. күлүп), көпкө чейин башкача дүйнөдө жүргөндөй сезип жаттым өзүмдү. Элдин менин ырымды угуп жатканына сүйүнүп, жетине албай турам. Мени көбү Орусияда иштеген мигрант деп болжолдошту жана мигранттар тараптан да көп пикирлер жазылыптыр. Мен баарына ыраазымын!
Чын-чынына келгенде шайлоодогу абал ичимди абдан ачыштырат. Экономикалык жагдайыбыз жакшы эмес, жашоочулар акчага зарыгат. Ушул абалдан саясий партиялар, саясатчылар, акчалуулар пайдаланып, акчасын берип алардын добушун сатып алышат. Өткөн жылы 2020-жылы боло турган шайлоо таза өтсө деп ойлонуп жүрүп "Добушуңду сатпа" деген ырды жаздым. Менимче, өлкөнү ойлогон, эл үчүн күйгөн адам шайлоочуларына акча бербейт. Азыр олигарх, акчалуулар аттана баштады, акчалуулар эмес, татыктуулар шайлоодон өтүшүнө аз да болсо салымымды кошкум келет.
- Үгүт иштеринде ошол эле акчалуулардан, саясий партиялардан сизге сунуш түшсө кантесиз?
- Албетте, адамбыз, акча жашоо-тиричиликке керек болуп турат. Бирок мен мындай сунушту кабыл албайм, кайсы бир партияны үгүттөп ырдоо да ошол жакка сатылуу болуп саналат. Мындан улам мен таза шайлоо үчүн гана ырдайм. Буга чейин да патриоттук тематикада 2 ырым чыккан. Өзүм бала кезден эле ырдайм, түрдүү чакан иш-чараларда, тар чөйрөдө ырдап жүрчүмүн.
Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынан чалышып ырыңа ролик даярдайлы, биз менен кызматташ деп чакырышты. Барып бул мекеме менен сүйлөшөбүз. Мындан тышкары, жеке эле адамдан ыр жаздырууга, клип тартууга сунуш болду. Чыгармачылыкты колдоо иретинде келген сунуштарга ыраазы болуп турам. Мен мындан ары ырдаганды улантам, бирок ырчынын ырлары коомго туура таасирин бере алгандай болушу керек экен деген ойго келдим.
Азамат Кененбаев кесиби боюнча ветеринар. Бирок турмуш шартка байланыштуу курулуш компанияда иштейт. Биринчи ырын ал иштеген компания колдоо иретинде жаздырып берген. Маектешим сөз соңунда да өлкөнүн келечеги үчүн жарандар добушун сатпаса деген чакырыгын айтты.