Оорулуу өспүрүм кызды сойкулук кылууга мажбурлаганга шектелгендер кармалды

Өспүрүмдү сойкулук кылууга мажбурлаганга шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"2019-жылдын 21-ноябрь күнү Ленин РИИБине М. аттуу жаранга карата чара көрүүнү сураган арыз түшкөн. Арызда ал 2003-жылы туулган Р.Н. аттуу жашы жете элек, оорулуу сиңдисине кара күч колдонуп, каалоосуна каршы притондо 12-ноябрдан бери иштөөгө мажбурлаганы жазылган. 23-декабрь күнү арыз менен кайрылган жаран дагы арыз жазып, 2003-жылы туулган сиңдисин 12-ноябрь күнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында бейтааныш 2 адам белгисиз унаага салып Бишкекке алып кеткенин айткан. Аталган фактылар Ленин РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 166-берене (Сойкулук кылууга тартуу) жана 170-берене (Киши уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Бардык соттук-медициналык, биологиялык, психологиялык-психиатриялык экспертизалар дайындалган", - деп жазылат маалыматта.

Иликтөөнүн жүрүшүндө 1996-жылы туулган К.А., 1987-жылы туулган Н.М. жана 1996-жылы туулган Д.З. аттуу жарандар кылмышка шектелип кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Aimani
2020-01-22 13:51:25
Түрмөдө чиритиш керек акмактарды
+3
Jelezo
2020-01-22 14:27:49
Ыраңы сууктар өзүңөрдүн товарыңар өтбөй жаш кыздарды пайдалана баштадыңарбы.
+3
bond02
2020-01-22 15:10:11
Бир туугандарбы эмне, баары эле окшош го.
+2
erlanspb
2020-01-22 17:35:55
Уродко бул жетимдер олгучонду турмодо отсонор екен К...Ко зар болуп
+1
nematovich.90
2020-01-23 01:18:47
erlanspb, точкасын айттынго
0
katerina.li
2020-01-22 20:23:49
Аял баштары менен ушинтип атышса,энелик сезимдери жокпу булардын??
+1
Ernisbii
2020-01-23 00:16:50
Шакалдарды түрмөдө чиритиш керек или атыш керек эле,ошентип тапкан арам акчалары кантип аш болсун.
+1
Paol
2020-01-23 10:25:15
Бетин жаппай, аты жөнүн ачыка чыгарбайсынарбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан