Депутат ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар кадимки мектептерде окуса жакшы жылыштар боло турганын айтты

Депутат Тынчтыкбек Конушбаев ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар кадимки мектептерде окуса жакшы жылыштар боло турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар кадимки мектептерде окуса жакшы болот. Аларды балдарга кошуу керек. Ошондо жылыштар болот", - деди ал.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга атайын бала бакчалар, мектептер ачылган. Балдарды өзүнчө окутсак жакшы деп ойлогонбуз. Эл аралык тажрыйбаны изилдесек, кадимки бала бакча, мектептерге окутса боло турганын түшүндүк", - дейт Жусупбекова.

Ошону менен катар эле ал Ысык-Ата, Аламүдүн райондорунда балдар кадимки мектептерге орноштурула баштаганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан