Биз социалдык тармакта

Сузакта эки баласы менен иске ууланган келиндин окуясы. Маркум үйдө убактылуу жашап жүргөн

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда келин эки баласы менен иске ууланып каза болгонун райондун акими билдирген. Окуя тууралуу маалымат Сузак РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 21-январь күнү саат 10:40 чамасында келип түшкөн.

"Кызыл-Сеңир айылындагы үйлөрдүн биринде үй-бүлө мүчөлөрү иске ууланып каза болгондугу тууралуу кабар келип түшкөн. Аталган окуя боюнча Сузак РИИБинин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барып текшерүү иштерин жүргүзгөн. Ага ылайык, үйдө убактылуу жашап жаткан 1986-жылы туулган К. А., баласы (2013-жылы туулган Б. Н.) жана кызы (2015-жылы туулган Б. С.) мештен чыккан иске ууланып, каза болгондугу такталган.

Бул окуя боюнча топтолгон материалдар 2020-жылдын 21-январь күнү Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “уулануу” деп катталып, тийиштүү текшерүү иштери башталган. Маркумдун туугандары эч кимге доосу жок экендигин билдиришип, соттук-медициналык экспертиза жасатуудан баш тартышкан", - деп билдирет Жалал-Абад ОИИБинин маалымат катчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Qwer007
2020-01-22 15:45:34
Ото окунучтуу. Жаткан жери жайлуу болсун..чырактай балдары менен
+6
Nargizab
2020-01-22 19:01:13
Биздин айылдан эле, кечээтен бери угуп шок болуп эле отуруп калдым. Жаткан жери жайлуу болсун.
+2
DNurgiza
2020-01-22 19:40:41
Кудай сактай көр өтө аянычтуу кабар. Жаратканыбыз бейиштен орун берсин.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан