"Ош шаарына караштуу Анар кичи районунда көп кабаттуу үйлөрдүн айланасын биринчи кабаттын жашоочулары мүмкүн болушунча тосуп алышты", - деп билдирген Элдик кабар бөлүмүнө окурман.
Бул суроо боюнча Ош шаардык мэриясына кайрылганыбызда, төмөндөгүдөй жооп алдык.
"Азыр Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы гараждарды мыйзамсыз тосуп алган курулуштар боюнча күрөш жүрүп жатат. Биз жакынкы арада Анар кичи районундагы Абдыкадыров көчөсүндө дагы мыйзамсыз курулган курулуштарды тазалайбыз. Ошондой эле шаар мэри Таалайбек Сарыбашовдун тапшырмасы менен аталган көчөдөгү мыйзамсыз курулуштар алынууда. Мыйзамсыз курулуштардан бошотулган жөө адамдар басуучу жолдор кеңейтилип, жашылдандыруу иштери аткарылат. Жолдун эки тарабындагы ирригациялык лотоктор жаңыланып, көчөнүн түнкү жарыктандыруу системи жакшыртылат. Мындан тышкары, көп кабаттуу үйлөрдүн сырты боёлот. Архитектура тарабынан эскиздик долбоор иштелип чыкты. Жакынкы айларда оңдоо иштери башталат", - деди мэриядан.