АКШда жашаган "Жебе" тобунун мурунку ырчысы Медер Сагын уулу: "Америкадагы кыйынчылыктарды сабак катары кабыл алдым"

2011-жылы ырчы Кенже Дүйшеева 4 жигиттен турган "Жебе" тобун негиздегени эсиңиздерде болсо керек. Тез аралыкта топ популярдуу болуп, кыздардын жүрөк оорусуна айланган. Кийинчерээк топтун эки ырчысы Минур жана Самат үйлөнүп, ошону менен топтун мурунку курамы тараган. Топтогу ага-инилердин бири Кумар жеке ырчы катары чыгармачылыгын улантып келсе, агасы Медер учурда АКШда жашайт. SUPER.KG порталы Медер Сагын уулу менен байланышып, Америкадагы жашоосу, басып өткөн кыйынчылыктары тууралуу маек курду. Эмесе көңүлүңүздөрдү маекке бурабыз.

"Америкага келгенде жашоону башка өңүттөн көрдүм"

- Мен кичинекей кезимден Америкага барсам, дүйнө кезсем деп кыялданчумун. Тилегиме жетейин деп мектепте окуудан тышкары англис тили курсуна барып жүрдүм. Акыры максатым ишке ашып, 2 жыл мурун АКШга келгем. Кыргыз өлкөсүндө ата-энем менен чогуу жашап көнгөн бала элем, чет жакка келгенде чынында жаман болдум, кыйналдым. Бирок анын баарын өзүм үчүн чоң сабак катары кабыл алдым. АКШда туугандарыбыз бар, ошолордун үйүнө келип, жалгыздык көп сезилген жок. Алар мени бардык жактан колдоп, колунан келишинче жардам берип жатышты. Анткен менен мурунку жашоомду, ата-энемди, досторумду сагынып, куса болдум. Тойлорго барып жүргөнүмдү, досторум менен эс алгандарымды убагында барктабаганыма аттиң кылдым. Көрсө, ал бактылуу күндөр экен.

Америкага келгенде мен жашоону башка өңүттөн көрдүм. Мурун убакытты баалабай, той болсо болду деп жүрө берчүмүн. Азыр деле Кыргыз өлкөсүндө мага окшогон жаштар көп экенин билем, ошолорго кеңеш айтмакмын. Убакыт - бул адамзатына берилген баалуу белек. Аны туура колдонбосок, көп жакшы нерседен, ийгиликтен куру калабыз.

Мен Америкага келгенде алгач англис тилин жакшы билбейт болчумун, айланамдагылар сүйлөсө көп сөзүн түшүнбөй калат элем. Кийинчерээк элге аралашып, көнүшүп калдым. Учурда Теннесси штатынын Нэшвилл шаарында турам.

"Билим алууга мүмкүнчүлүк көп"

- Мен Кыргыз өлкөсүндө режиссёрлук кесипке окугам. Америкада ошол багытта 1 жылдай окудум. Андан соң пландар өзгөрүлүп, окууну токтото турдум. АКШнын жашоосун жакшы билип калгандан кийин жакшы жашоо, билим алуу үчүн мүмкүнчүлүктөр өтө көп экенин түшүндүм. Ар кайсы кесипке кызыгуум күчөп, чачырап кеттим (күлүп). Учурда программисттик кесипке окусам деп турам. Буюрса, жазында Чикагого барып, планымды ишке ашырам.

"Бизге саат эмес, мүнөт да баалуу"

- Америкада жашоо абдан кымбат. Бир күн иштебей калсаң артка кетесиң. Кээде себепсиз ишке барбай калсам өзүмдү жемелей берем. Себеби ай сайын төлөчү төлөмдөр бар. Бул жакта саат эмес, мүнөт да баалуу. Мен АКШда алгач такси кызматында иштедим. Такси кызматынын мага жаккан жери - үстүңдөн эч ким башкарбайт, график түзүп бербейт. Өзүң каалагандай графикте иштейсиң. Акың саатына эсептелет. Мисалы, саатына 15-20 доллар алчубуз. Товар жеткирүү кызматында да эмгектендим. Кардарлар менен байланышкан мага аябай жакчу. Мени көпчүлүк кардарлар корей, кытай, япон деп ойлошот эле. Мен кыргызмын десем таң калышат, айрымдар кыргыз эли тууралуу эч нерсе билбейт. Кийинчерээк тажрыйба алуу үчүн эл менен аралашып, тилди жакшы өздөштүрүү максатында ар багытта өзүмдү сынап көрдүм. Учурда курулуш компаниясында сатуучу-кеңешчи болуп иштеп жатам. Анда да атайын график жок, онлайн түрүндө иштейбиз. Айлык акысы саатына эмес, көрсөткөн жыйынтыгыңа карата чыгат. Жумушум жаман эмес, өзүмө кенен жетет.

Негизи АКШда ар бир штаттын өзүнө жараша тарифи болот. Мен жашаган Теннесси штатында бир бөлмөлүү батир айына 1000 доллар болот. Андан сырткары коммуналдык төлөм, тамак-аш, кийим-кечеге деп отуруп бир киши айына 2000 доллардай коротот.

"Америкалыктарда чыныгы достук деген түшүнүк жок, ар ким өз ыңгайын ойлойт"

- Американын жергиликтүү калкы аябай сылык-сыпаа, жөнөкөй болот. Ар дайым жылмайып турушат. Бул нерсе мага жаңы келгенде өөн учураган. Себеби Кыргыз өлкөсүндө баары өз көйгөйү менен болуп, тааныбаган адамга оңою менен жылмайбайт эмеспи. Бирок 5 кол тең эмес дегендей, жашоочулардын арасында улутчулдар да көп. Сүйлөгөнүң же түрүң жакпаса жагымсыз жагдай жаратып коюшу мүмкүн. Мага ошол нерсе жакпайт. Коомдук транспорт аз, ар ким өз унаасы же такси менен жүрөт. Кыргыздардай улууга сый, кичүүгө ызат деген түшүнүк жок. Достукту жакшы түшүнүшпөйбү, баалашпайбы, айтор, бири-бири менен эсептешип, өз ыңгайын ойлоп турушат.

"Ата-энеме мен көргөн жерлерди көрсөтсөм дейм"

- Апам мен АКШга кетем деп жүргөндө эле ыйлап баштаган (күлүп). "Алыс жакка барбай эле койбойсуңбу" деп оюмдан кайтаруунун аракетин көп көрдү. Мен кеткенде бат-баттан чалып, "америкалыктардын хот-дог, пиццасын жей бербе, жакшы тамактан" деп сарсанаа болуп чала берчү. Мына чет жерде жүргөнүмө эки жылдын жүзү болду, апам дагы деле ошол адатын калтырган жок. Атам экөө азыркы күнгө чейин көзөмөлдөп турушат.

Мен башта айткандай жер кезгенди, дүйнө тааныганды жакшы көрөм. Акыркы кезде Европа өлкөлөрүнө чыгып саякаттап келдим. Келечекте ата-энеме, бир туугандарыма мен көргөн жерди көрсөтсөм деген чоң тилегим бар. Ошол мен үчүн чоң стимул. Кудай ошондой жакшы нерселерге себепкер кылса дейм.


"Чыгармачылык экинчи планга калды"

- Чыгармачылык боюнча айтсам, Кыргыз өлкөсүндө шоу-бизнесте кандай жаңылыктар болуп жатканы менен ишим жок. Кызыкпай деле калдым. Чынында, чыгармачылык учурда экинчи планга жылып кетти. Балким, буга себеп илхамдын жок болуп жатканыдыр. Азыр алдыга койгон максаттарым, пландарым такыр башка.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
tina.kg
2020-01-28 21:01:49
Ушул жигит мага жагат
+2
aiba.8327
2020-01-29 08:47:54
Мм молодец
+2
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-01-29 11:49:53
Мен да жер көргүм келет.
+2
kgul
2020-01-29 13:55:52
Иниси атасына, агасы апасынын кочурмосу экенго
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан