Биз социалдык тармакта

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Жалал-Абад шаарындагы Көк-Арт кичи районундагы таштанды тазаланды"

"Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи районундагы Энергетика көчөсүндө таштанды чыгарылбай турат" деп билдирген Элдик кабар бөлүмүнө окурман.

Бул суроо боюнча Жалал-Абад шаардык мэриясына кайрылганыбызда, басма сөз кызматынан аталган жердеги таштандылар чыгарылганын билдирди.

"Бул көп кабаттуу үйдүн алдындагы таштандылар 5 күнгө жакын туруп калды окшойт. Себеби ал жакка эки техника бөлүнгөн. Бири бузулуп калгандыктан, 5 күнгө созулуп кеткен. Негизи таштандылар ал жерден эки-үч күндүн биринде чыгарылып турат.

Ошондой эле көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларынын дагы маданиятсыздыгы болууда. Себеби үйүнөн алып чыккан таштандыны таштанды салынган контейнерге салбай, жанына ыргытып кете беришет. Анан алар чачылып, жердин баарын булгайт", - деди мэриядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jelezo
2020-01-22 18:32:57
Элде деле уят калбады өздөрү булгап көрүнгөн жерге мусорлорду ыргыта беришет көзүм көрбөсө көчүгүмдү бөрү жесин деп.
+1
Liliia
2020-01-23 15:11:26
Jelezo,мусорный бак толуп кетсе эл деле кай жакка ыргытышын билбей жерге таштап кетет да.Кабарды мен жөнөткөм, мен да таза турушун элден жерге таштабашын каалайм.Бирок айла жок өзүм да мусорный бак толуп жерге үйүлүп калганынан менда таштадым. Тазалык ишканасы актана бербегиле мен дайым карап турам толуп калса жолбун иттер мусорлорду сүйрөп келет подьездге тазалап турам ошого качан келип качан кеткениңерди билем
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан