Испаниялык футболчу, мадриддик "Реал" клубунун коргоочусу Альваро Одриосола кийинки карьерасын Германиянын "Бавария" клубунда улантат. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Одриосола "Бавария" клубуна ижара иретинде өтүп, 1 сезон оюн өткөрмөкчү. Ал медициналык кароодон өтүп, жаңы командасы менен машыгууну баштаары айтылат.
24 жаштагы испаниялык футболчу 2018-жылдын 5-июлунан баштап "Реал" клубунда ойноп келген. 2018-жылы клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугун жана Испания Суперкубогун (2019/2020) жеңип алган.