Депутат Алтынбек Жунус уулу айрым мектептерде ата-энелерден акча чогултуу кайрадан башталганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"2019-жылы мектептерде ата-энелерден чогултулуп жаткан акча боюнча чоң чыр болуп, акча чогултуу токтотулду эле. Бирок жаңы жылдан кийин кээ бир мектептерде акча чогултуулар кайра башталып жатыптыр. Өкмөт так позицияңарды айтып койсоңор. Кээ бир акчаларды айрым директорлор өздөрүнө иштетип, ата-энелердин нааразычылыктары жаралып жатат", - дейт депутат.