UFC мушкери Хабиб Нурмагомедовдун машыктыруучусу жана атасы Абдулманап Нурмагомедов Макгрегор-Серроне беттеши боюнча комментарий берип, беттеш эмес эле муляж болуп калганын айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Сиз бул беттешти сүйлөшүлүп уюштурулган деп күмөн санаган жоксузбу? деген суроого "Баарыңыздар менден да жакшы түшүнүп турасыздар. Бул беттеш эмес, бул - муляж. Биз буга чейин Серроненин кандай мушташарын билчүбүз. UFC`ге Конорду кайтарып келүү керек болду. Конор Хабиб менен кайра мушташкысы келип жатат. Биз мындай беттеш үчүн реванш бербейбиз", - деп билдирген.
Эске салсак, Конор Макгрегор менен Дональд Серроненин беттеши 40 секундга созулуп, Конор атаандашын кыска аралыкта нокаутка учураткан.