Бүгүн, 23-январда аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу "Манас" эл аралык аэропортундагы бир катар аба каттамдардын убактысы жылдырылды. Аэропорттун маалымат кызматынын өкүлү билдиргендей, туман түнкү саат 03:00дөн баштап байкала баштаган.
"Учурда Москва-Бишкек-Москва багытындагы 2 рейстин убактысы жылдырылды. Мындан тышкары, Ташкент-Бишкек-Ташкент каттамы жана Ош-Бишкек багытындагы ички каттамдардын учуу убактысы жылдырылды.
Каттамдардын убактысын алдын ала тактап алууну өтүнөбүз. "Манас" аэропорту - 0(312) 693-0109 жана "Ош" аэропорту - 0(3222) 90101", - деди басма сөз катчы.
"Манас" аэропорту бул ыңгайсыздык үчүн жүргүнчүлөрдөн кечирим сурайт.