Күбөлөрдүн толук келбегендигине байланыштуу Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкүл Чотоновдун иши боюнча соттук отурум жылды.
Бүгүн, 23-январда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда Текебаев менен Чотоновго козголгон кылмыш ишин кайра кароо боюнча сот отуруму болуп өттү. Анда Сидоренко күбө катары көрсөтмө берди. Башка күбөлөр келбей калганын мамлекеттик айыптоочулар билдиришти. Алар келбей калган күбөлөрдүн жөнөткөн түшүнүк каттарын окуп беришти.
Кийинки отурум 4-февралга жылдырылды.