Бүгүн, 1-октябрда Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун сотуна күбө катары ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов да чакырылып, күбө катары сурак берди.
Курсан Асановго 2010-жылы 13-май күнү кайда болгону, ал күн кандай өткөнү боюнча жактоочу Таалайкүл Токтакунова тарабынан суроо узатылды.
"2010-жылы Ички иштер башкармалыгында ыкчам кырдаалдар боюнча орун басары болуп тургам. 13-май күнү жалпыбызга белгилүү болгондой, убактылуу өкмөткө каршы күч пайда болуп, облустук администрацияны басып алган. Ал убакта Бишкек шаарынан Исмаил Исаков, Бакыт Алымбеков ж.б кишилер тик учак менен учуп келишкен. Алар келгенден кийин сүйлөшүүлөр болгон. Мен ал сүйлөшүүгө толук катышкам. Учуп келгендерди тосуп алгандардын дагы бирөөсү мен болгонмун", - деди Асанов.
Эскерте кетсек, буга чейин жактоочу Таалайкүл Токтакунова 2010-жылдын 13-майында Чотонов Ошто болгонун далилдөө үчүн сотко күбө катары ошол учурда ИИМ башчысынын милдетин аткарып турган Бакыт Алымбековду, экс-губернатор Мамасадык Бакировду, Чотоновдун жан сакчысы Тынчтык Аметов жана башкалар сотко күбө катары чакырылганын билдирген.