Бүгүн, 12-сентябрда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен мурунку элчи Дүйшөнкул Чотоновго козголгон кылмыш ишти кайрадан кароонун биринчи соттук отуруму өттү. Андан кийин Текебаев журналисттердин суроолоруна жооп берди. Буга чейин президент утурумдук өкмөттүн мүчөлөрү, анын ичинде Өмүрбек Текебаев менен жолугушуу өткөрөт деген маалымат тараган. Бул боюнча "Ата-Мекендин" лидери төмөнкүлөргө токтолду.
"Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу президент Сооронбай Жээнбековдун убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен жолугуша турган ниети бар экенин уктум. Мен дагы утурумдук өкмөттүн мүчөсү болгонмун. Бирок расмий чакыруу ала элекмин. Эгер чакыруу келсе сөзсүз жолугушууга барам", - деди ал.
Журналисттер президентке жолугушуп калсаңыздар кандай сунуштарды айтмаксыз деген суроо узатышты. Өмүрбек Текебаев өлкө башчы менен жолукса өлкөдөгү, дүйнөдөгү абал тууралуу сөз кыларын билдирип, өзүнө козголгон кылмыш иши тууралуу ал жерде талкуулабай турганын кошумчалады.