Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун сотуна күбөлөр келүүдөн баш тартышууда.
Алардын катарында экс-депутат Өмүрбек Абдрахманов сотко барып көрсөтмө берүүдөн баш тартканын "Азаттыкка" билдирди.
"Бизди автомат менен такаса да сотко барбайбыз" деп айтканбыз. Эгерде мени сотко күч менен алып барууга аракет жасалса, анда мен ошол жерден өзүмдү атып таштайм. Анан менин сөөгүмдү сотко алып барышсын. Азыр андай-мындай деп айткан туура эмес. Мен барбайм дедим, болду! Мен пенсионермин, жашым 70 жаштан ашып калды. Ал жерге барып алып, ошол жерден инфаркт болуп өлгүм келбейт. Өздөрү чечип алышсын. Мен азыр тынч жашаган фермермин. Эч жакка барбайм. Саясатка да аралашпай койдум. Мен ага каршы көрсөтмөмдү Текебаев камалган учурда берген жокмун. Мен аны ал камалганга чейин эле гезиттерге чыккан маегимде "мына ошондой болгон" деп кийин сотто кайталап айтып койгом. Ал жерде мен аны акчаны алган же акча алган эмес деген жокмун. Болгону мен фактыны гана айткам. Ал факты да. Мен азыр аны кантип өзгөртмөк элем? Анын бардыгы гезитке чыккан. Бирок мен сотко барып, көрсөтмө бербейм", - деди Абдрахманов.