Кантта 3 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 7 адам жаракат алды

Кантта 3 унаанын катышуусундагы жол кырсыгынан 7 адам жаракат алды. Шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынан билдиришкендей, кырсык бүгүн, 23-январда саат 11:00 чамасында катталган.

"Бишкектен Ысык-Көл тарапка бара жаткан Мерседес үлгүсүндөгү жеңил унаа жол чыракта токтоп турганда, аркасынан Мерседес Спринтер кичи автобусу келип сүзгөн. Айдоочулар маселени өз ара чечип алалы деп сыртта сүйлөшүп турган. Бир нече мүнөттөн кийин Хонда Степвагон унаасы жол чырактагы унааларды аркасынан келип сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 7 киши жаракат алып, Кант шаардык ооруканасына жеткирилди. Жабырлануучулардын баары Хонда Степвагон унаасынын жүргүнчүлөрү", - деди маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан