Депутат коронавируска каршы күрөшүүгө чет жактан келип жаткан каражаттар боюнча ачык маалымат берилиши керектигин айтты

Депутат Анвар Артыков коронавируска каршы күрөшүүгө чет жактан келип жаткан каражаттар боюнча ачык маалымат берилиши керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

"Сырттан келген акчалар боюнча маалымат каражаттарында ар кандай сөздөр болуп жатат. Коронавируска каршы күрөшүүгө келген канча каражат келди, эмнеге жумшалды? Бизге жазуу түрүндө таратып беришсин. Элден канча каражат топтолду? Жазуу түрүндө бергиле", - деп депутат өкмөт мүчөлөрүнө кайрылды.

Депутат Каныбек Иманалиев: "Саламаттыкты сактоо министри ар бир ооруган адамга 3 миң доллар кетип жатканын айтып жатат", - дейт.

Финансы министринин орун басары Алмаз Азимов расмий түрдө маалымат бере турганын айтты

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан