Вице-спикер Мирлан Бакиров "Кыргыз мамлекетиндеги турмушуна нааразы болгон тараптар болсо, Памирге бир жумага жолдомо алып бериш керек" деген пикири боюнча түшүндүрмө берди.
"Ал жерде нааразы тарап болсо деген сөз айтылган. Улуу жана Кичи Памирден көчүрүлүп келген этникалык кыргыздардын турмуш-шартын мындан ары мамлекет тарабынан колдоо боюнча айтылып кеткен сөз болду. Эгерде ар бир Кыргыз жараны Кыргыз өлкөсү үчүн салым кошсо, албетте, мамлекетибиз өнүгөт. Жаман, жок дей берсек анда жакшысын бизге бирөө береби? Кээ бир топтор бар Кыргыз мамлекетине эле эмес, туулганына нааразы болушат. 21-кылымда кыргыз эли мындан да жакшы жашаш керек. Ошол эле мезгилде Уулу жана Кичи Памирде жашаган кыргыздардын турмушун көз алдынан өткөрүп койсо деген ой болуп, ошондон айтылып кеткен сөз болду", - дейт Бакиров.