АКШнын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси виза алуудагы чектөөнү ырастабаганы айтылды

АКШнын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси виза алуу боюнча Кыргыз жарандарына чектөө киргизилет деген маалыматты ырастаган жок. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун маалымат жыйында билдиргенин жазып чыгышты.

Анда айтылгандай, 22-январда Тышкы иштер министрлигине АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Дональд Лу чакырылган. Элчи визалык чектөө тууралуу маалыматты тастыктаган эмес.

Министрдин айтымында, тараптар бул маселе боюнча кеңешме өтүп жатышат.

"Виза алуудагы чектөө тууралуу сунушту АКШнын укук коргоо органдары сунуштаганы тууралуу маалымат бар. 2017-жылы АКШнын президенти мыйзамга кол койгон. Анда 2020-жылдан баштап биометрикалык паспорт колдонбогон мамлекеттердин жарандарына чектөө киргизилери жазылган. КМШнын курамындагы өлкөлөрдүн ичинен бир эле Кыргыз мамлекетинде биометрикалык паспорттор берилбейт", - деди Айдарбеков.

Визалык чектөө боюнча чечим кабыл алганда АКШ объективдүү жагдайга көңүл бурат деп үмүттөнүп жатканын кошумчалады министр.

Буга чейин Дональд Трамптын администрациясы визалык чектөө киргизиле турган мамлекеттердин тизмесине Кыргыз Республикасы дагы киргенин билдирген. АКШга кирүүнү чектеген мыйзам долбоору даярдалып жатканы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zamir.pochta
2020-01-23 22:32:12
Визалык чектөө боюнча чечим кабыл алганда АКШ объективдүү жагдайга көңүл бурат үмүттөнүп жатканын кошумчалады министр.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан