Кыргыз спорту чоң жоготууга дуушар болду

2020-жылдын 22-январында 83 жаш курагында Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын ага машыктыруучусу Виктор Борисов көз жумду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Виктор Борисов 1937-жылы Кыргыз ССРинин Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен (мурунку Караван) айылында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт институтун аяктагандан кийин ал эмгек жолун «Спартак» Республикалык ЫСК Кеңешинин ага инструктору болуп баштаган. 1963-1969-жылдары жеңил атлетика боюнча машыктыруучу, 1971-1976-жылдары жогорку чебер мектебинде жеңил атлетика боюнча Кыргыз ССРинин курама командасынын ага машыктыруучусу болуп эмгектенген. 2001-жылдан 2005-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Жеңил атлетика федерациясын жетектеген. 2005-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын ага машыктыруучусу болуп эмгектенген.

Ал Азия чемпиондугунун бир нече жолку чемпиону, 2018-жылдын Азия оюндарынын жеңүүчүсү жана күмүш байгенин ээси Дарья Маслованы, 2016-жылдын Олимпиадалык оюндарынын катышуучусу, эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү Виктория Полюдинаны жана башка спорт чеберлерин тарбиялаган. 1973-жылы Виктор Борисовго «Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген машыктыруучусу» наамы, Ардак грамоталар жана III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
tynar92kg
2020-01-24 09:55:04
Жаткан жери жайлуу болсун. Аксынын ардактуу атуулу экенда
+5
interpol
2020-01-24 10:49:08
Менда эмне болуп кетти депмин
Не демек элек пендечилик
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан