Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасынын дарбазачысы Павел Матяш бишкектик "Алга" клубуна өттү. Бул тууралуу Футбол федерациясы маалымат таратты.
Буга чейин Матяш "Дордой" командасында ойноп келген. Дордой менен ал 2019-жылы Кыргыз Премьер-Лигасында чемпион аталган. Клуб менен футболчу 1 жылдык келишимге кол койгон. Эске салсак, Павел Матяш "Алга" клубунда 2015-жылы ойноп кеткен.