Биз социалдык тармакта

Алайда билим алып жаткан памирлик кыргыздар үчүн окуу китептери бөлүндү

Бүгүн, 24-январда Билим берүү жана илим министрлигинде Алай районуна көчүп келип, билим алып жаткан памирлик кыргыздар үчүн окуу китептери тапшырылды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, бул акция Билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси жана эки басмакананын көмөгү менен ишке ашкан.

"Аркус" жана "Кутаалам" басмаканасы этникалык кыргыздар үчүн 50 даана "Алиппе", 50 даана "Мекен таануу", 40 даана "Математика", кыргыз жана орус тилиндеги 8 китептен турган 10 комплект, кыргыз тилиндеги 10 комплект жомок китептерин, 30 наамдагы 120 даана көркөм китептерди тапшырды", - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, Алайдагы Сары-Могол айыл өкмөтүндөгү Харыбек Алимсеитов мектебинде 36 этникалык кыргыз билим алууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Samatalibei
2020-01-24 17:50:23
Билимдуу Кыргыз элге куйгон жарандарыбыздын катарына кошулсун деп тилейли!
+3
chake
2020-01-24 18:06:49
боордошторго кол суналы эгер ЭлСому болсо мен дагы жардам берүүгө даярмын
+1
Kairat1996
2020-01-24 19:08:29
Азыр балдарга билим гана бериш керек. Бул памирликтер динге байланган эл экен. Дин менен адам баласы бир гана карангылыка кептелет. Мечиттерге барып сыйынып, жугуно бергенден жашоо турмушубуз онолуп кетпейт. Бир гана билим менен балдардын дуйно таанымын кенейте алабыз. Ислам дини аркылуу арабтардын жашоо культурасын пропаганда кылганды токтотуш керек.
-2
Mister-X
2020-01-24 20:19:46
Kairat1996,Баардык илимдер барып, эн аягы Куранга барып такалат.Ошол илимдерди Курандан издесен,илимпоздордон ашып тушосун.Сен азыр ушул созун менен озунду артка тартып жатасын.Динде илим, билим алгыла деп айтылат.Жаны техниканы ойлоп тапкандар, жаны кубулуш ачкандардын баары кудайга ишенген адамдар.Айфонду ойлоп тапкан Стив Жобстун создорун угуп кор.Бирок баары бир сага жетишпейт.Себеби, сен коомду бузган, адамдын кыжырын тийгенди жактырасын.Жакшы адам болсон бироого асылмак эмессин.
0
Nadia68
2020-01-26 16:16:00
Mister-X, туура айтасыз башка бир дагы динде Исламдагыдай илим-билимге маани берилбейт. Бешиктен каабырга чейин илим алуу ар бир мусулман аял эрекке парз.
0
Nadia68
2020-01-26 16:20:23
Mister-X, kairat1996 кичине логично деле ойлонуп корсонуз ошондой катааал шартта, мектеп, окуу жай эмес тузугуроок уй жок экен. Анан кайсы мектепке барып окушат. Динден пайда жок дейсиз так ошол динди карманып жашагандары учун, ушул кунго чейин салт-санаасын сактап, салыштырмалуу баары намаздарын окушуп, сизден биздег караганда орду мн акыл калчап куюлуштуруп суйлошот экен. Дагы айта кетчуу нерсе эгерде динди карманышбаганда эмдигиче эбак жок болуп жапайы болуп кетишмек африкадагы жапайы адамда
0
Nadia68
2020-01-26 16:25:59
Mister-X, kaitat1996 коросуз Кудайым буйруса жакынкы 10.15 жылда так ошол памирлик кыргыздардан мыкты илим билимдуу инсандар чыгат .Алардын да кочуп келуу максаты илим билимге болгон суусоо, жана карангылыктан, жакырлыктан ккутулуу.
Баса белгилеп кетчуу нерсе динди карманышканы учун☝️ кыздары ыйбалуу чоочун эркекке тике карашбайт, сойкулук жок, адал тамактанышат, зынаа жок , дили таза адамдар, алардын келечеги бар!
0
Wibee
2020-01-24 20:10:09
Нарынга алып барбай башында эле Алайга жайгаштырса болмок екен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан