Ырчы Нурчолпон бир нече күндөн бери мактоо сөздөргө чөмүлүп жатат. Дегенибиз, жаш ырчы өзгөчө үндүн ээси Витастын "Опера № 2" чыгармасын аткарып, социалдык тармактагы расмий баракчасына видео менен бөлүшкөн. Айтымында, мындай бийик диапазондогу чыгарманы аткарып чыгууга күйөрмандары себеп болгон.
"Бул ырды аткарып чыккандан бери жакшы пикирлер айтылып, видеонун кароосу өсүп жатат. Видео жарыялангандан кийин продюсерлерден, музыканттардан, блогерлерден ар кандай сунуштар түшүп жатат. Учурда сунуштарды караштырып жатабыз.
Чыгарманы күйөрмандарымдын суранычы менен аткардым. Видеоклиптеримдин алдына жазылган пикирлердин ар бир экинчиси "Витастын чыгармасын аткарып чыкпайсыңбы?" деген сунуштар болчу. Ошондон улам ырды аткарып, интернетке чыгарып койдум. Негизи бул чыгарманы мурунтан эле аткарып жүрчүмүн. Бирок интернетке жарыялаган эмесмин", - дейт ал.