Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Асел Турдалиева 50 жылдык юбилейин белгиледи

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Асел Турдалиева 50 жылдык юбилейин бүгүн, 24-январь күнү Бишкектин тойканаларынын биринде белгиледи.

300дөн ашык коноктун коштоосунда өткөн юбилейге ырчынын жакындары жана өнөр дүйнөсүндөгү кесиптештери келишти. Кеченин башында Асел Турдалиева чыгарма аткарып, апасы жана кызы менен коноктордун алдына чыкты.

Жакшылыкта алып баруучулук тизгинди Чыңгыз Мырзаев, Нурзат Токтосунова, Бакыт Байсариев, Айзада Жамгырчиева, Азамат Бектурганов аркалашты.

Асел Турдалиева 2019-жылдын 13-сентябрында 50 жашка толгон. Ырчы туулган күнүн Түштүк Кореяда белгилеп, эс алып келген. Ал 50 жашты убагында белгилегенге болбой турганын айтып, Жаңы жылдан кийин юбилейин өткөрөрүн билдирген эле.

"Эгиз төрөңүз", "Наам берилсин". Асел Турдалиеванын юбилейинде өзгөчө каалоолор айтылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Baatyr84
2020-01-25 01:41:01
Артистда соз жок
+2
Arman7
2020-01-25 04:12:56
Жаштыгында тыпыйган жакшы нерсе эле.Куттуктайбыз сыймыктам сиз менен.Тажатмаларга караганда 1000 эсе артык
+3
Perfekt
2020-01-25 18:32:40
Аябай жаш корунот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан