Япония коронавирустун айынан өз жарандарын 28-январдан баштап Ухан шаарынан атайын авиа каттам менен алып чыгып кетүүгө даярданып жатат. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалары жазууда.
Жазылган маалыматка ылайык, азыркы учурда Кытайдын Хубэй провинциясында жайгашкан Ухан шаарында 700гө чукул Япон жарандары бар экендиги жана алардын ичинен 430у менен байланыш болгондугун айтышкан. Япониянын премьер-министри Абэ Синдзо журналисттерге берген маегинде Япон жарандарын Ухандан алып чыгып кетүү аракеттери каралып жаткандыгын айткан.
Мындан сырткары, Япониянын тышкы иштер министри Тосимицу Мотеги Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри Ван И менен телефон аркылуу жарандарды эвакуациялоо планы тууралуу баарлашкан.
Кытайда чыккан коронавирус тууралуу бардык кабарларды окуу үчүн ушул шилтемени басып өтүңүз.