"Кайра көбөйүп жатабы?". Дүйнөдө коронавирус аныкталгандардын рекорддук көрсөткүчү катталды

Акыркы бир сутка ичинде дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктуруп алган адамдардын рекорддук көрсөткүчү катталды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) сайтына жарыяланды.

ДССУнун билдиришинче, коронавирус инфекциясы сутка ичинде дүйнөдө 307 миң 930 адамдан аныкталган. Бул пандемия башталгандан бери рекорддук көрсөткүч болуп саналат. Буга чейинки рекорд 6-сентябрда катталган. Анда дүйнөдө сутка ичинде 306 миң 857 адамдан вирус аныкталган.

Акыркы маалыматтар боюнча дүйнөдө коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 29 миллион 6 миң 33кө жетти. 923 миң 883 бейтап каза болсо, 19 миллион 625 миң 959 бейтап айыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан