Коңшу Кытайда акыркы бир сутка ичинде 61 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул көрсөткүч аталган өлкөдө март айынан бери сутка ичинде коронавирус аныкталгандардын рекорддук көрсөткүчү болуп саналаарын чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус аныкталган адамдардын ичинен 57си жергиликтүү (41и Синьцзян-Уйгур автономдук районунда, 14ү Ляонин провинциясында жана экөө Цзилинь провинциясында) болсо, калган төрт адам башка өлкөлөрдөн келген.
Ошондой эле оорунун симптомдору байкалбай эле жүргөн 44 адам аныкталган.
Коронавирус инфекциясынын очогу болгон Кытайда жалпы 86 миң 570 адамдан вирус аныкталды. 4 миң 652 адам каза болсо, 80 миң 459 бейтап айыгып чыкты.