Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев "Кыргызгазга" карызы бар өндүрүш ишканаларына жакынкы арада карыздарын төлөө тапшырмасын берди

26-ноябрда өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Кыргызстандын түндүк аймагына жаратылыш газын берүү чектөө болуп жатканына байланыштуу жыйын өткөрдү. Жыйында "Кыргызгаз" ишканасынын башкы директору Тургунбек Кулмурзаев жаратылыш газын чектөөгө алып келген негизги себептерди кеңири түшүндүрүп берди. Анын айтымында, "Кыргызгаз" ишканасынын "КазТрансГаз" ишканасына карызы 3 миллион 400 миң доллар, ал эми "Узтрансгаз" ишканасына болгон карызы 114 миң долларды түзгөн. Ал ошондой эле "Бишкектеплокоммунэнерго", "Токмок жылуулук", "Кыргызжилкоммунсоюз" сыяктуу бир катар ири ишканалардын карызы өз учурунда төлөнбөй жатканын кошумчалады. Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Каржы министрлигине бюджеттин эсебинен аталган мамлекеттик ишканалардын карызын төлөө маселесин карап чыгууну тапшырды.Ошондой эле "Кыргызгазга" карызы бар аталган ишканаларга жакынкы күндөрдө карыздарын төлөө тапшырмасын берди.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан