"Жылаңач баатыр" реалити-шоусунун катышуучусу, ырчы Калыс Жакыпов продюсерлүү болду. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.
"Лутфилла Бусурманкул уулу менен 5 жылга келишим түзүп, иштешип баштадык. Буга чейин жалгыз өзүм иштеп, продюсерлерди байкаштырып жүргөм. Ошол кезде Лутфилла байкенин социалдык баракчасынан кастинг жарыялаганын көрүп калдым. Ага жолуксам, менин үнүмдү бааларын жана иштешүүгө кызыкдар экенин айтты. Атам мени колдоп, чогуу Лутфилла байкеге барып макулдашып, тандемди ишке ашырууга кириштик. Байкенин командасындагы кесиптештерим да мени жакшы кабыл алышты. Буюрса, жаңы дем менен чыгармачылыкка киришип жатам. Мындан ары жаңы стилде ырдап чыгам", - дейт Калыс.