UFC уюмунун оор салмактагы экс-чемпиону Дэниел Кормье Хабиб Нурмагомедовдун кийинки беттеши оңой болбой тургандыгын айтты. Бул тууралуу Кормье чет элдик маалымат булактарына маек куруп жатып билдирген.
"Мен бир нече жыл мурун эле Хабибге Тони Фергюсон гана мыкты атаандаштыкты жарата алат деп ойлогом. Бирок Хабиб оңой мушкер эмес, ал UFC'де эч кимде жок жаңы тепкичке чыкты. Хабиб атактуу жана акчасы көп болсо дагы, ага эч нерсе жетпегендей залга түнөп машыгууда. Ушундай машыгуунун жыйынтыгында Хабибге атаандаш табуу кыйын", - деп билдирген.
Маалыматка ылайык, Хабиб Нурмагомедов менен Тони Фергюсондун беттеши 18-апрель күнү Нью-Йорк шаарында UFC 249 турниринин алкагында негизги беттеш катары өтмөкчү. Буга чейин эки мушкердин беттеши 4 жолу уюштурулуп, ар кандай себептер менен өтпөй калган.